Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

Иран президенти талкууга түшкөн аудиону текшерүүнү тапшырды


 Мохаммад Жавад Зариф.
Мохаммад Жавад Зариф.

Ирандын президенти Хасан Роухани тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин интервьюсу деп жазылган аудио кантип тараганын иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу Иран өкмөтүнүн расмий өкүлү Али Рабие 27-апрелде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, президент Роухани “уурдалган үч сааттык аудиону ким таратканын аныктоо тапшырмасын берген”.

25-апрелде перс тилдүү Iran International спутник каналы Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин аудио маегинин үзүндүлөрүн жарыялаган. Анда Ирандын башкы дипломаты Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунун тандалма “Аль Кудс” бөлүгүнүн мурдагы кол башчысы маркум Касем Сулейманинин тышкы саясатка кийлигишүүсү тууралуу айтып берген. Ошондой эле маекте Сулеймани Орусия менен сүйлөшүп алып 2015-жылдагы Өзөктүк келишимди үзгүлтүккө учуратканы жөнүндө сөз болгон. Бул маек Ирандагы консервативдүү саясатчылардын жана маалымат каражаттарынын нааразылыгын жаратты.

Мохаммад Жавад Зариф бул маек боюнча комментарий бере элек. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү жети сааттык интервью “тандалма жол менен” монтаждалганын жана андагы айтылгандар “жеке пикири” экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG