Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Ворухта эки өспүрүмдү кыргыз чек арачылары кармап, кайра бошоткону кабарланды


Тажикстандын Исфара шаарынын бийлик өкүлдөрү Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү кыргызстандык чек арачылар кармап, суракка алганын билдирди. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Маалыматта 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен кыргыз чек арачылары кармап алып, уруп-согуп суракка алышканы айтылат.

Алар Исфаранын жергиликтүү бийлиги жана тажик чек арачыларынын кийлигишүүсү менен бошотулганы кабарланууда.

Азырынча бул маалымат боюнча Кыргызстандын тиешелүү бийлик органдары комментарий бере элек.

Буга чейин Лейлек районунда 19-21 жаштагы жигиттер 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жеринен дайынсыз жоголгон. Эки жаранды 24-апрелде кечке жуук Тажикстандын күч кызматтары алып кеткени маалым болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулган. Жарандар кайтып келгенден кийин Тажикстандын аскер кызматкерлери өз аймагында кармап турган учурда ур-токмокко алып, аскер бөлүктөрү тууралуу суроолорду узатканын жергиликтүү журналисттерге айтып беришкен.

Кыргызстандык эки жаранды уурдоого байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Дүйшөмбүгө нота жиберди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG