Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

Индияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны 200 миңден ашты


Крематорийлер жетишпей, өлгөндөрдөрдүн сөөгүн көчөдө өрттөп жатышат.
Крематорийлер жетишпей, өлгөндөрдөрдүн сөөгүн көчөдө өрттөп жатышат.

Эксперттер өлгөндөрдүн чыныгы саны бир топ жогору экенин айтышууда.

Индияда соңку жети күндөн бери коронавирус пандемиясы кеңири кулач жайып, аны жугузуп алгандар менен илдеттен каза болгондордун саны эл аралык коомчулуктун үшүн алууда.

Коронавирусту жугузуп алгандардын саны расмий статистика боюнча күн сайын 300 миңдин айланасында аныкталып, суткасына 2 миңден ашуун өлүм катталып жатканы белгиленди.

Индиядагы коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну мутацияланган түрүндө каптады. Индияда 1 миллиард 400 миллион адам жашайт.

Индиянын саламаттык сактоо системасы экинчи толкунга туруштук бере албай расмий Дели эл аралык коомчулуктан жардам сурады. АКШ, Евробиримдик баш болгон өнүккөн өлкөлөр жана эл аралык уюмдар илдеттин жайылуусун басаңдатуу үчүн Индияга жардам көрсөтүү чараларын көрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG