Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Хасан Роухани: тараган аудио жик салууга багытталган


Ирандын президенти Хасан Роухани. 28-апрель, 2021-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани. 28-апрель, 2021-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин аудиосунун чыгып кетишин дүйнөлүк державалар менен өзөктүк макулдашууну калыбына келтирүү боюнча алдыдагы сүйлөшүүлөр үчүн ажырым салууга багытталган аракет деп атады.

Венада өтө турган өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн уландысы АКШны 2015-жылдагы макулдашууга кайтып барууга жана Тегеранды андагы милдеттемелерин сактоого багытталган. Макулдашууда эгерде Иран өзөктүк программасын кыскартса, андан эл аралык санкцияларды алып салуу шарттары камтылган.

Буга чейин президент Роухани уурдалган үч сааттык аудиону ким сыртка таратканын аныктоо тапшырмасын берген.

25-апрелде перс тилдүү Iran International спутник каналы Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин аудио маегинин үзүндүлөрүн жарыялаган. Анда Ирандын башкы дипломаты Ислам ыңкылабынын сакчылары корпусунун тандалма “Аль Кудс” бөлүгүнүн мурдагы кол башчысы, маркум Касем Сулейманинин тышкы саясатка кийлигишүүсү тууралуу айтып берген. Ошондой эле маекте Сулеймани Орусия менен сүйлөшүп алып 2015-жылдагы Өзөктүк келишимди үзгүлтүккө учуратканы жөнүндө сөз болгон. Бул маек Ирандагы консервативдүү саясатчылардын жана маалымат каражаттарынын нааразылыгын жаратты.

Мохаммад Жавад Зариф бул боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок ал "Инстаграмдагы" баракчасына Багдаддагы Касем Сулейманинин эстелигине барган видеосун коюп, ырксыздык тууралуу айтылгандарга карата ал болгону "дипломатиялык жана аскердик тармактарды акыл эстүү жөнгө салуу тууралуу" гана айткысы келгени тууралуу пикирин калтырды.

Зариф анын "дипломатия менен аскер ишинин аралыгы тууралуу жашыруун сөзү " ички талаш-тартышка жем таштаганына өкүнөрүн билдирди.

Ал эми президент Роухани болсо бул аудиону ал бийликтен кеткенден кийинки келечекке багытталган учурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн маектерин камтыган ири долбоордун бир үзүмү болгонун айтты.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү жети сааттык интервью “тандалма жол менен” монтаждалганын жана андагы айтылгандар “жеке пикир” экенин билдирген.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG