Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Жо Байден АКШ Конгрессинин кошмо жыйынында сөз сүйлөйт


АКШнын президенти Жо Байден.
АКШнын президенти Жо Байден.

Жо Байден 28-апрелдеги кайрылуусунда АКШнын ички жана тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын аныктап, коронавируска каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу да айтып берет.

Жо Байдендин бул билдирүүсү анын президенттик кызматка киришкенге 100 күн толгонуна байланыштуу болот.

Америкалык саясий салт боюнча жаңы шайланган президент жыл сайын АКШнын Өкүлдөр палатасына жана Сенатка кайрылып, өлкөдөгү жалпы абал тууралуу жылдык билдирүү жасайт.

Бул иш-чарага катышууга COVID-19 илдетине жана коопсуздук протоколуна байланыштуу абалдан улам чектөөлөр болот. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки Байдендин кайрылуусунун өзөгүн үй-бүлөнү колдоо планы жана экономикалык коопсуздук чаралары түзөрүн айтты.

Эксперттердин айтымында, президенттин кайрылуусунда негизги көңүл ички саясатка көп бурулуп, ал эми тышкы саясаттан Орусия жана Кытай менен мамиленин келечеги тууралуу да сөз болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG