Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:49

Болгария кампадагы жардырууларга орус жарандарын айыптады


Болгария. Сиика Милева. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы.
Болгария. Сиика Милева. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы.

Болгар бийлиги 2011-2020-жылдардагы төрт курал-жарак кампасында болгон бир нече жардырууга Орусиянын алты жараны шектелип жатканын билдирди.

Болгариянын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Сиика Милева буларды айтты:

“Ушул күнгө чейинки топтолгон материалдарды карап чыгып, орусиялык жарандардын максаты - атайын каражаттарды Грузия менен Украинага жеткирүүнү токтотуу болгон деген жыйынтыкка келсе болот”.

Милева бул окуялар 2015-жылы курал-жарак саткан болгар соодагери Эмилиан Гебревди ууландыруу жана Чехиядагы ок-дары сактаган кампадагы жардыруу фактылары менен байланыштуу экенин айтты.

“Бул жерде Болграиянын аймагындагы жардыруулардын ортосундагы байланыш тууралуу жана үч болгар жаранынын ууландырылышы боюнча ынанымдуу жүйөлөрдү келтирүүгө болот”.

Болгар Башкы прокуратурасынын билдирүүсү Чехиянын "Орусиянын чалгын кызматы 2014-жылдагы Врбетицедеги ок-дары кампасындагы жардырууга тиешеси бар" деген айыптоосунан кийин чыкты. Анда жалпысынан 50 тоннадан ашуун ок дары жарылып, үч адам каза тапкан. Буга байланыштуу Прага менен Москванын ортосунда дипломатиялык чатак чыгып, тараптар элчиликтеги кызматкерлеринин санын кыскартууга чейин барышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG