Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:49

Түркмөнстанда азык-түлүккө кезекке турууга тыюу салынды


Ашгабаддагы базарлардын бири.

Түркмөнстандын аймактык бийлиги жарандарга арзандатылган баада азык-түлүктөрдү саткан мамлекеттик дүкөндөрдүн алдына чогулуп, кезекке турууга тыюу салды.

Жакында эле президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун уулу Сердар "дүкөндөрдүн алдында кезек күткөндөр атасынын беделине шек келтирип жатканын" айткан.

Полиция дүкөндөрдүн алдына кезекке туруп, төрт адамдан ашык чогулганга тыюу салды. Каршы болгондорду камоо же кезекке тургандардын тизмесинен чыгаруу менен коркуткан учурлар болгонун шаар тургундарынын бири "Азаттыкка" билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG