Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Орусия Балтиканын жана Словакиянын дипломаттарын өлкөдөн чыгарат


Москва. Латвиянын элчиси Марис Риекстиньш Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында. 28-апрель, 2021-жыл.
Москва. Латвиянын элчиси Марис Риекстиньш Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин алдында. 28-апрель, 2021-жыл.

Москва Литва элчилигинин эки кызматкерин жана Латвия менен Эстониянын бирден дипломатын Орусиядан чыгара турган болду.

Дипломаттар жети күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиш. Бул тууралуу маалымат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяланды.

Министрликке үч мамлекеттин дипломатиялык миссияларынын башчылары чакыртылып, "аларга орусиялык элчиликтеги кызматкерлерди чыгаруу боюнча чагымчыл жана эч нерсеге негизделбеген аракеттерге байланыштуу нааразылык нотасы тапшырылганы" кабарланды.

“Вильнюс, Рига жана Таллин биздин өлкөгө карата ачык душмандык саясатты улантып, Чехиянын Орусияга карата карандай дооматына тилектештик билдирүүдө”, – деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Братиславанын үч орус дипломатын “нон-грант персонасы” деп жарыялаганына жооп кайтарып, Словакиянын Москвадагы элчилигинин үч кызматкери да чыгарыларын билдирди.

Буга чейин Латвия, Литва, Эстония жана Словакия Чехияга тилектештигин билдирип, өз өлкөлөрүндөгү орусиялык дипломаттарды чыгаруу чечимин кабыл алышкан болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG