Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:39

COVID-19: Бразилияда өлгөндөрдүн саны 400 миңге жакындады


Бразилиянын Манаус шаарында коронавирустан өлгөн адамдын сөөгүн жерге берип жатышат.
Бразилиянын Манаус шаарында коронавирустан өлгөн адамдын сөөгүн жерге берип жатышат.

Бразилияда соңку бир суткада коронавирус үч миңден көп адамдын өмүрүн алды. Ошентип Латын Америкасындагы бул мамлекетте илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 398 миңден ашты.

Соңку айларда Бразилияда карантин чаралары жумшартылып, вирустун жаңы жугуштуу түрү кеңири жайылганына байланыштуу кырдаал курчуп кетти. Эпидемиологиялык абал учурда Индияда да оор.

28-апрелде АКШ Индияга 100 миллион долларлык жардам, анын ичинде 1000 кычкылтек баллонун, 15 миллиондой беткап жана бир миллион экспресс-тест жөнөтөрүн жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Индияда жайылып жаткан вирустун түрү өтө жугуштуу экенин билдирди. Ал эми Нью-Делинин башкы министри Арвинд Кежривал "экинчи толкунда" адамдар катуу жана узагыраак ооруп жатышканын билдирди. Бул өлкөнүн саламаттык сактоо системасына кыйынчылык жаратууда.

Түркия Орусиянын "Спутник-V" вакцинасынын 50 миллион дозасын алуу үчүн келишимге кол койду. Европада, анын ичинде Францияда кырдаал жакшырып баратканы кабарланууда. Мындан улам айрым чектөөлөр акырындап жумшара баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG