Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

30-апрелдин аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

30-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 30…32 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG