Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

CPJ Ташкентти сөз эркиндигин чектеген мыйзамды жокко чыгарууга чакырды


"Журналисттерди коргоо комитетинин" Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид.
"Журналисттерди коргоо комитетинин" Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид.

"Журналисттерди коргоо комитети" (CPJ) Өзбекстанды интернеттеги сөз эркиндигин чектеген мыйзамды жокко чыгарууга чакырды.

"Өзбекстанда октябрь айында өтчү президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик мыйзамдарга киргизилген бир катар жаңы өзгөртүүлөрдүн жардамы менен эркин ой билдирүүнү көзөмөлдөгүсү келгендей. Эгер өзбек бийлиги алар чындап либералдык реформаларды өткөрүп жатканына дүйнөнү ишендиргиси келсе анда пресса эркиндигин чектеп, сын көз караштары менен бөлүшкөндөргө айып пул караган мыйзамдарды жокко чыгаруусу шарт",-деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гульноза Саид.

Өзбекстандагы маалымат тууралуу мыйзамга, кылмыш жана административдик кодекстерге киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөр президент Шавкат Мирзиеев кол койгондон кийин 31-мартта күчүнө кирген.

Ал өзгөртүүлөргө ылайык, президентти каралаган, ушактаган маалыматтар үчүн жана "массалык башаламандыктарга" онлайн чакыргандар үчүн абак жазасы каралган. Ошондой эле башаламандыкка жана зордук-зомбулукка шыкактоо үчүн да кылмыш жоопкерчилиги киргизилген. Мындайга баргандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоо өтөт. Мирзиеев экинчи мөөнөткө ат салышары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG