Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:54

“Ховар” агенттиги чек арада эки тажик жараны жараат алганын кабарлады


Исфарадагы ооруканага кыргыз-тажик чек арасында жараат алган адамды алып келишти. 29-апрель, 2021-жыл. Сүрөттү "Азаттыктын" тажик кызматы жүктөдү.
Исфарадагы ооруканага кыргыз-тажик чек арасында жараат алган адамды алып келишти. 29-апрель, 2021-жыл. Сүрөттү "Азаттыктын" тажик кызматы жүктөдү.

Тажикстандын "Ховар" улуттук маалымат агенттиги өлкөнүн Чек ара кызматынын билдирүүсүнө таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан эки жаран жараат алганын билдирди.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын билдирүүсүндө 29-апрелде Баткендин Көкташ айылына жакын жерде кыргыз чек арачылары ок атып, Чорку айылынын 32 жаштагы тургуну Окил Амаков башынан жараат алган.

32 жаштагы дагы бир тургун Саттор Самадов колу-бутунун бир нече жеринен жараат алган. Эки тургун тең Исфаранын борбордук ооруканасына жеткирилгени айтылат.

Ошондой эле билдирүүдө “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында 13.05те кыргыз чек арачылары ок атууну баштаганы кабарланган. 28-апрелде Тажикстандын чек ара мекемеси жети тажик жараны жабыркаганын билдирген.

Ал эми Кыргызстандын УКМКсына караштуу Чек ара кызматы тажик аскерлери Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан "Головной" суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону 29-апрелде баштаганын жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, учурда окуянын жеринде Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Уларбек Шаршеев жүрөт. Буга чейин Баткен облусунун акимиятынын өкүлү төрт кыргызстандык жараат алып, ооруканага түшкөнүн билдирген болчу.

28-апрелде Баткен районунун Ак-Сай айылындагыАк-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болгон. 29-апрелде жергиликтүү бийлик Баткен районуна караштуу Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл аймактарын күчөтүлгөн тартипке өткөрдү жана Ак-Сайдын Көк-Таш айылынын айрым тургундарын Баткен шаарына чыгарып кетти. Андан соң бул жерде ок атылып жатканын жергиликтүү тургундар кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG