Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Алексей Навальныйдын штабдары сотко чейин таркатылат


Алексей Навальныйдын жакын тарапташы Леонид Волков.
Алексей Навальныйдын жакын тарапташы Леонид Волков.

Алексей Навальныйдын жакын тарапташы Леонид Волков оппозициячыл саясатчынын аймактагы штабдары сотко чейин эле таркатыларын билдирди.

Буга чейин прокуратура Навальныйга караштуу уюмдарды "экстремисттик" деп табууну өтүнүп сотко кайрылган. Орус прокуратурасынын бул аракеттерин эл аралык уюмдар жана орусиялык укук коргоочулар айыптап чыгышты.

29-апрелде чыккан видеодо буга чейин Навальныйдын аймактык штабдарын жетектеп келген Волков орус бийлигин басымынан улам мындай кадамга барууга аргасыз экенин билдирди.

Москва шаардык соту прокуратуранын өтүнүчү менен Навальныйга байланышы бар үч уюмду - Коррупцияга каршы күрөшүү фондун, Жарандардын укуктарын коргоо фондун жана аймактык штабдардын башкы кеңсесин "экстремистик" деп табары күтүлүүдө.

Соттун мындай чечими "штабда иштегендерди, аларга жардамдашкандарды жана алар менен кызматташкандарды дагы экстремизмге айыптап, абакка кескенге жол ачат",-деди Волков.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, "экстремисттик" уюмдарга мүчө болгондор жана аны каржылагандар он жылга чейин эркинен ажыратылат.

Волков ошондой эле Навальныйдын штабдары жабылса дагы алар күрөштү уланта берерин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG