Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:12

Ооганстанда абакта отурган борбор азиялык жоочулар


Ооганстан. Ооган коопсуздук күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүн кармаган учур. 27-сентябрь, 2020-жыл.
Ооганстан. Ооган коопсуздук күчтөрү "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүн кармаган учур. 27-сентябрь, 2020-жыл.

Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы “Ислам мамлекети” террордук тобунун абакта отурган мүчөлөрүнүн жарымынан көбү пакистандыктар менен борбор азиялыктар экенин билдирди.

Ооган коопсуздук күчтөрүнүн маалыматы боюнча “Ислам мамлекети” террордук тобунун Ооганстандагы канатынын 60 пайызын пакистандыктар түзөт. Экинчи орунда саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандар турат.

Ооган түрмөлөрүндө "Ислам мамлекети" террордук тобунун (ИГИЛ) 408 жоочусу отурат. Алардын жарымынан көбү - 299у Пакистандан чыккан. Ал эми Борбор Азия чөлкөмүнөн жалпысынан 62 жоочу ооган абактарында отурганы кабарланды.

“Ооганстандагы ИГИЛдин куралдуу жалданма тобунда жүрүп, колго түшкөндөрдүн арасында Өзбекстандын 37, Тажикстандын 13 жана Кыргызстандын 12 жараны бар”,-деп билдирди Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын башчысы Ахмад Зия Сираж.

Мындан башка абакта кармалып турган жоочулардын бешөө орусиялык, 16сы кытай, бешөө иорданиялык, төртөө ирандык, үчөө түркиялык, төртөө индиялык, Бангладеш менен Мальдивдердин экиден жараны жана бирөө Алжирден экени белгиленди.

Ахмад Зия абактагы чет элдик жоочулар боюнча 14 мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Бирок ал сүйлөшүүлөрдө абактагы жоочуларды жарандыгына жараша өз бийлигине өткөрүп берүү маселеси каралып-каралбаганын тактаган эмес.

“Ислам мамлекети” тобунун Ооганстандагы канаты “Хорасан Вилаяти” деген ат менен 2015-жылы түзүлгөнү жарыяланган. Анын курамына 2011-2014-жылдары Жакынкы Чыгыштагы согуштарга катышып келген жалданма жоочулар жана жергиликтүү можахеддердин куралдуу топтору кошулганы белгиленген.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ИГИЛдин ооган канатына кошулган борбор азиялыктар тууралуу мындай дейт:

“Бизде алардын видео тасмасы бар. Ал жактагы атайын лагерлерде өзбектер, тажиктер, кыргыздар, казактар жана уйгурлар бар. Алардын көбү өзгөчө Ооганстандын түндүк жагындагы Кундуз провинциясынын аймагында жайгашкан. Убагында “Өзбекстандын ислам кыймылы” жана “Түркстан ислам кыймылы” деген диний-радикалдык топтордун калдыктары кийин ИГИЛ менен "Талибанга" кошулуп кеткени белгилүү болгон. Фергана өрөөнүнөн барган Жума Намангани, Тахир Юлдашев деген жоочулардын тарапташтары ал жакта калып, алардын 1-2 мууну өсүп жетилди. Алар азыр өзүнчө эле чоң күчкө айланган”.

Жакынкы Чыгышта согушка катышып келгендер ооган можахеддерине биригип, кээде өз ара араздашып, ооган бийлиги көзөмөлдөй албаган аймактарды байырлаганы жөнүндө маалыматтар чыккан. Бул куралдуу топтор Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен кагылышып, байма-бай террордук чабуулдарды жасаганын моюнга алган.

“Ислам мамлекети” тобунун ооган жергесиндеги “Хорасан Вилаяти” канатынын чоң бутагын Борбор Азиядан жана Түндүк Кавказдан чыккан вахаббист агымына кирген жоочулар түзөт. Артур Медетбеков буларды билдирди:

“ИГИЛдин башчысы Халиф Ибрахим Али бул террордук топ Сириядан чегингени менен күчтөрүн башка жактарга топтоштуруу планы бар экенин айткан. Алар согуштук аракеттерди Борбор Азияга которуу дымагы бар экенин жашырышпайт. Ага 60-70 млн. доллар бөлүнө турганын айткан жайы бар. Анын иши акырындан улантылып, согуш очогун бул чөлкөмгө которууга аракеттер байкалып жаткандай”.

Атайын операциялар учурунда жоочулардын айрымдары колго түшсө, көпчүлүгү Ооганстандагы жана Пакистанга караштуу Түндүк Вазиристандагы көмүскө лагерлерде деген кабарлар чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG