Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Тажик бийлиги Исфара шаарынын башчысы жарадар болгонун билдирди


Исфара шаарынын башчысы Баховаддин Баходурзода.
Исфара шаарынын башчысы Баховаддин Баходурзода.

Исфара шаарынын акимчилигинин өкүлү «Азаттыктын» тажик кызматына аталган калаанын башчысы Баховаддин Баходурзодага 29-апрелде ок тийгенин ырастады.

Баходурзода суу сактагычтын башына ("Головной") барып, чек арадагы кырдаалды тынч жол менен чечүүгө аракет жасап жатканда ок тийгени кабарланды. Тажиктердин "Азия-Плюс" агенттиги ок шаар башчынын ийинине тийгенин жазды. Учурда ал Худжанд шаарындагы ооруканалардын биринде жатат.

Бул маалыматты «Азаттыктын» тажик кызматына Чоркух жана Ворух айылдарынын эки жашоочусу да ырастады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кагылышууларда 31 кыргызстандык жарадар болуп, бир киши каза болгонун билдирди. Буга чейин Тажикстандын «Ховар» улуттук агенттиги Чек ара кызматына таянып тогуз тажикстандык жаракат алганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG