Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Кыргыз-тажик өкмөт башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулады


Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода.
Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода.

Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода 29-апрелде Орусиянын Казан шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Эки тарап чек арадагы чатакты сүйлөшүү аркылуу тез арада чечүүгө толугу менен даярдыгын билдирди.

“Эки өлкөнүн премьер-министрлери чек ара маселелерин чечүүдө күч ыкмаларын колдонууга жол берилбеши керектиги жана мындан ары карай чыр-чатакты ырбатууга жол бербөө максатында ыкчам чараларды кабыл алуу зарылдыгы боюнча бирдиктүү пикирин билдиришти”, - деп айтылат кыргыз өкмөтүнүн маалыматында.

Премьер-министр Улукбек Марипов Орусияда жумушчу сапар менен жүрөт. Ал бүгүн, 29-апрелде Татарстандын Казан шаарында Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен да жолукту.

Казанда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп жатат.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш болуп, кыргыз тараптан төрт, тажик тараптан жети адам жараат алганын эки өлкөнүн Чек ара кызматтары билдирген.

Бүгүн, 29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде ок атылды. Кийин ок атышуу Баткен жана Лейлек райондорунда да болду. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат. Куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 31 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Ал эми Тажикстан тогуз адам жаракат алганын кабарлоодо. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG