Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Вице-премьер-министр Артем Новиков Баткенде жыйын өткөрүүдө


Вице-премьер-министр Артем Новиков.
Вице-премьер-министр Артем Новиков.

Чек арадагы чатакты чечүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчысы, вице-премьер-министр Артем Новиков 29-апрелде Баткенде тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Артем Новиков бүгүн чек арадагы чатакты чечүү үчүн түзүлгөн жумушчу топтун башчылыгына дайындалган. Жумушту топко кырдаалды жөнгө салуу тапшырмасы жүктөлгөн.

29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуп кетти. Түштөн кийин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде атышуу болду. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап жатат. Куралдуу кагылышта кыргыз тараптан 31 адам жаракат алып, бир адам каза болду. Ал эми Тажикстандын Чек ара кызматы жалпысынан тогуз киши жаракат алганын билдирди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук» чек ара тозоттору жана «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттери аткылоого кабылганын кабарлады. «Достук» чек ара тозотунун имараты өрттөнгөнүн билдирди. Буга жооп иретинде кыргыз тарап Тажикстандын “Кожали” чек ара тозотун ээлеп алганы кабарланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын дипломатиялык мекемеси менен сүйлөшүп, ок атууну токтотуу жана аскерлерди мурдагы ээлеген жерлерине кайтаруу макулдашылганын кабарлады. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөт башчылары жолугушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG