Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Токаев кыргыз-тажик чек ара чырын тынчтык жолу менен жөндөөгө чакырды


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуусун кубаттарын билдирди.

Токаев коңшу эки өлкөнүн лидерлери талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечерине ишенерин кошумчалады.

Акордонун расмий сайтындагы билдирүүдө «эки тараптуу ишенимди калыбына келтирүү жана туура чечимдерди издөө аракетине колумдан келген жардамды берүүгө даярмын» - деп айтылат.

Буга чейин Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги коңшу мамлекеттерди ынтымыкка чакырып, «Ташкент абалды тез арада жөнгө салуу үчүн жардам берүүгө даяр", -деп билдирген.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 29-апрелдин түнүндө берген маалыматына караганда, чек арадагы кагылышууда үч жаран каза таап, жарадар болгондордун саны 84кө жетти.

Тажикстандын чек ара мекемеси 28-29-апрелдеги жаңжалда тогуз адам жаракат алганын билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрелде кечки саат сегизде эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG