Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Баткендеги үй-жайын таштап Ошко 40 чамалуу адам келди


Бүгүн, 1-майда Баткен облусунун Кызыл-Бел айылынан үй- жайын таштап 12 аял, 20 бала, 7 эркек киши келди.

Алар Ош шаарындагы "Адеп башаты" фондунун имаратына жайгаштырылды. Алар менен Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов жолугушуп, азык-түлүк тапшырды. Учурда качып келгендердин саламаттыгына дарыгерлер көз салууда.

"Келген жарандардын бири "Адеп башаты" фондунда иштегендер менен тааныштыгы бар экен. Түз эле ошол жерге келишиптир. Азыркы учурда аларды тамак-аш менен камсыздоо иши колго алынды",-деди Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Шаардыктар да Баткен облусунан келгендерди өз үйлөрүнө жайгаштырууда.

30-апрелде Ош шаарынан жана Ош облусунан 5 миллион сомдук гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Жардамды карапайым адамдар чогултуп жатышат. (MrA)

XS
SM
MD
LG