Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Баткендиктер айылдарына кайта баштады


Баткен. Үйүнө кайтып бараткан жарандар. 02.05.2021
Баткен. Үйүнө кайтып бараткан жарандар. 02.05.2021

Чек арадагы куралдуу кагылыштан үй-жайын таштап, айылынан чыгып кетүүгө аргасыз болгондордун айрымдары үйлөрүнө кайта баштады. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Талантбек Назаралы уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы абал 2-майдын саат 17.00гө карата туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кооптуу абал түзүлгөн айылдардан 33 388 киши көчүрүлгөн. Анын 20 миңге жакыны балдар.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлгөн.

Куралдуу кагылыштарда 34 адам каза тапты. 178 киши жараат алды. Алардын биринин абалы оор деп бааланууда.

Ал эми тажик тараптан 15 киши каза болуп, 90 жараны жараат алганын "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып жазды. Тажикстандын бийлиги жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда 1-2-май чек арада каза тапкандарга аза күтүү күнү деп жарыяланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG