Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Өзбекстан Сириядан 100гө жакын аялды жана балдарды кайтарды


Сириядагы "Аль-Хол" качкындар лагериндеги аялдар менен балдар. Архивдик фото.
Сириядагы "Аль-Хол" качкындар лагериндеги аялдар менен балдар. Архивдик фото.

«Мехр-5» деген аталыштагы операциянын алкагында Сириядагы «Аль-Хол» качкындар лагеринен 93 адам Ташкентке алынып келди. Алардын 24ү - аялдар, 69у - балдар. Бул тууралуу “Дарё” интернет басылмасы жазды.

Өзбекстандын бул бешинчи операциясы АКШнын жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен ишке ашты.

Аялдар менен балдар бул лагерде үч жылдан ашуун кармалганы кабарланды. Бул аялдардын күйөөлөрү Сириядагы согуштарда каза болгон. Балдардын жетөө тоголок жетим.

2019-жылдан бери «Мехр» деген операциянын алкагында Сириядан, Ирактан жана Ооганстандан 438 аял жана балдар Өзбекстанга кайтарылган. Аларга психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүлүп, документтери калыбына келтириле турганы белгиленди.

Быйыл январь айында БУУ бул качкындар лагеринде зомбулук күч алганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG