Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Масанчыдагы дунгандар чек арада жабыркагандарга жардам жөнөтүштү


Жаңжалда үй-жайы бузулган кыргызстандыктар. 3-май, 2021-жыл. Баткен облусу.
Жаңжалда үй-жайы бузулган кыргызстандыктар. 3-май, 2021-жыл. Баткен облусу.

Казакстандын Масанчы айылында жашаган дунган тектүү тургундар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган кыргызстандыктарга гуманитардык жардам жөнөттү.

Азык-түлүк жана башка зарыл каражаттар салынган жүк ташуучу автоунаа 2-майда Баткен облусуна жиберилгенин Кыргызстандагы дунган коомчулугу кабарлап, сүрөт, видеолорду интернетке чыгарышты.

Чүйдүн Ысык-Ата районунда жашаган дунгандар дагы гуманитардык жардам чогултуп, жабыркагандарга тилектештик билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы калабада жабыркагандарга ыктыярчылар күн сайын акчалай жана материалдык гуманитардык жардам жөнөтүп жатышат.

Гуманитардык жардамды бөлүштүрүү милдетин Баткен облустук администрациясы өзүнө алган. Жеткирүү жагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мойнунда.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал "Головной" суу сактагычында тутанган. Коогада набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады. Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Ооруканаларда 100 адам жатат.

Тажикстандын өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек. "Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, 18 киши каза болуп, 90дой адам жараат алганын билдирген. Жаңжалда жабыр тарткан айылдарга барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылында бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашты.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары чек арадагы коогага байланыштуу кылмыш иштерин козгошту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG