Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Өмүрбек Суваналиев Баткен облусунун жетекчилигинен кетти


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кетти. Бул маалыматты Суваналиев өзү "Азаттыкка" ырастап, бул чечим Бишкектен кабыл алынганын айтты.

"Башка жумушка өткөнүнө байланыштуу деп чечимди чыгарышыптыр. Макул дедим. Мен бүгүн эле уктум", - деди Суваналиев.

Ал кайсы кызматка өтөөрүн билбей турганын, соңку кызматында туруктуу иштөө үчүн Баткенге үй-бүлөсү менен көчүп келгенин кошумчалады.

Баткен облусунун жетекчисинин алмашуусу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин кабыл алынып жатат.

Суваналиев 28-30-апрелдеги чек ара жаңжалынын алгачкы сааттарында кырдаалды жеринен көзөмөлдөгөн жетекчилердин бири болгон. Ал коңшу өлкөнүн расмий өкүлдөрү менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө катышкан.

Анын кызматтан кетиши тууралуу өкмөттүн аппараты азырынча маалымат бере элек. Баткен облусун ким жетектей турганы да белгисиз.

61 жаштагы Өмүрбек Суваналиев бул кызматка быйыл 15-февралда премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен дайындалган.

Генерал Суваналиев Баткен облусун жетектегенге чейин Кыргызстандын ички иштер министри, Нарын облусунун губернатору, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG