Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Италиядагы кыргызстандыктар акцияга чыгышты


Италиядагы кыргызстандыктар Римде нааразылык акциясына чыгышты. 4-май, 2021-жыл.
Италиядагы кыргызстандыктар Римде нааразылык акциясына чыгышты. 4-май, 2021-жыл.

Италиядагы кыргызcтандыктар 4-майда баш калаа Римде нааразылык акциясына чыгышты.

Алар 28-29-30-апрель күндөрү Баткендеги чек арада болгон куралдуу кагылышта тажик тараптан карапайым калкка ок атылганын айыпташты.

Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышка эл аралык коомчулукту калыс баа берүүгө үндөштү.

Акцияга чыккан он чакты адам «Согуш болбосун, тынчтык болсун», «Баткен, биз сени менен» деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

2-майда Германиянын Берлин, Гамбург, Франкфурт жана Мюнхен шаарларында, 3-майда АКШнын Нью-Йорк, Сан-Франциско шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана БУУнун баш кеңсесинин алдына акцияга чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG