Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

Өкмөт 10-май - жумуш күнү экенин билдирди


Кыргыз өкмөтү 10-май - кадимкидей иш күнү экенин билдирди. Буга чейин 9-май жекшембиге туш келгендиктен, 10-майда эс алуу болору айтылган эле.

Адатта Кыргызстанда майрам жекшембиге туш келсе, анын эртеси эс алуу күнү жарыяланат. Бул ирет кыргызстандыктар 10-майдын эсебинен 30-августта - Эгемендик майрамынын алдында эс алышат.

Май - Кыргызстанда майрамдар эң көп болгон ай. 1-май - Эмгекчилердин тилектештигинин күнү, 5-май - Конституция күнү, 9-май - Жеңиш майрамы. Бул жылы Орозо айт майрамы да 13 же 14-майга туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG