Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Чек ара кызматы укук коргоочу Чупиктин айткандарын четке какты


Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы орусиялык укук коргоочу Валентина Чупиктин айткандарын четке какты.

Чупик 4-майда интернетте видеокайрылуу жасап, Бишкек жана Ош аэропорту аркылуу башка мамлекеттерге учуп жаткан тажикстандыктар кодуланып жатканын билдирген. Алардын документи себепсиз текшерилип, чек арачылар басмырлап жатканын айткан эле.

Чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" комментарий берип жатып, мындай маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди.

“Жүргүнчүлөрдү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүдө жарандыгына, улутуна, расалык жана этностукка өзгөчөлүгүнө бөлбөй, жалпы тартипте ишке ашырылат. Чек ара кызматы укук коргоочу Валентина Чупиктин билдирүүсүн негизсиз деп эсептейт жана эки мамлекеттин ортосундагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат”.

Бөрүбаева кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам өткөрүү пункттары аркылуу ары-бери каттоо убактылуу токтотулганын белгиледи. Мындай шартта Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу келип жаткан тажикстандыктарга үйлөрүнө жетүү үчүн эки шарт каралган. Биринчиси - тажик жараны Өзбекстандын чек арасына жеткирилет, андан ары мекенине кетет. Экинчиси - кыргыз-тажик чек арасындагы “Бордөбө” жана “Карамык” өткөрүү пункттарына жеткирилип, андан ары үйлөрүнө кетишет. Бул эки багыт боюнча кыргыз тарап автобустарды уюштурган.

Мекеме аэропорттордо тажикстандыктардын укуктарын бузбай кызмат көрсөтүлүп жатканын, укук коргоочу Валентина Чупикке аймакта чыр козутууну көздөгөн адамдар туура эмес маалымат бергенин билдирүүдө.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну биринчи баштаганын билдирүүдө.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG