Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Жогорку Кеңеш Баткендеги чек ара коогасын талкуулайт


Баткендеги чек ара коогасында бир топ турак-жай өрттөлүп, талкаланды.
Баткендеги чек ара коогасында бир топ турак-жай өрттөлүп, талкаланды.

Жогорку Кеңеш 6-майда түштөн кийин чек ара жаңжалын карайт, ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган жетекчилер чакырылды.

Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн, маселени эмки аптада кароо тууралуу демилге көтөрүлдү, бирок ал добуш берүүдө колдоо тапкан жок. Ошондой эле айрым депутаттар чек ара маселеси ачык талкууланышы керектигин бидиришти.

Мунун алдында парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча чечимди кабыл алган жана ал 6-майдагы жалпы жыйынга чыгарылары айтылган.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну биринчи баштаганын билдирүүдө.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG