Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Жеңиш Молдокматов ИИМден сурактан чыга элек


Жеңиш Молдокматов учурда "Туран" партиясын жетектейт.

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов 6-майда эртең мененки саат 10до Ички иштер министрлигине суракка киргенден бери чыга элек. Бул тууралуу анын жардамчысы "Азаттыкка" кабарлады.

Буга чейин Молдокматов милицияга чакырылган себебин билбей турганын айткан эле.

“Кайсы маселе боюнча суракка чакырып жатканын так билбейм. Бирок саясатка байланыштуу айткан акыркы пикирлерим себеп болушу мүмкүн. Анткени, Баткендеги куралдуу кагылыш үчүн атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылганбыз. Ага чейин Садыр Жапаров демилге кылган Баш мыйзамдын долбоорун сындап чыкканбыз. Мындан тышкары уу коргошун, казино жана экономикалык жагдайлар боюнча сын айтып келгенбиз. Президенттин кылган иштери аягына чыкпай, башаламан болуп жатат. Балким ушуларга байланыштуу болушу мүмкүн".

ИИМ Молдокматовдун суракка чакырылышы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Молдокматов учурда “Туран” партиясын жетектейт. Ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан "Ханституцияга каршы" борборунун төрагасы да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG