Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

7-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


7-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, бийик тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 22...27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10°.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG