Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Жеңиш Молдокматов милицияга октябрь окуялары тууралуу сурак берди


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына Бишкектеги былтыркы 5-6-октябрдагы окуяларга байланыштуу күбө катары сурак берип чыкты. Бул тууралуу Молдокматов "Азаттыкка" өзү билдирди. Ал ушул эле күнү, 6-майда кечке жуук 9-октябрдагы окуялар тууралуу дагы сурак берерин билдирди.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Жеңиш Молдокматов соңку парламенттик шайлоодо "Замандаш" партиясын жетектеп барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG