Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:24

Түркмөнстанда согуштун ардагерлери өздөрүнө белек алуу үчүн акча чогултушту


Түркмөнстандагы согуш ардагерлери. 8-май, 2018-жыл.
Түркмөнстандагы согуш ардагерлери. 8-май, 2018-жыл.

Түркмөн бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринен өздөрүнө белек алуу үчүн акча чогултушту. Белектер президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун атынан ыйгарылат.

Орукта эмгектенген жана согушка катышкан ардагерлерден Лебап облусунда акча чогултулган. Мындай көрүнүш былтыр да болгон. «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдиргендей, учурда өлкөдө канча ардагер калганы белгисиз.

Айрым маалыматтарга караганда чогултулган акчанын кайсы бир бөлүгүнө гана белек алынат, калганы башка нерселерге коротулат.

2020-жылы ардагерлер мамлекеттик сыйлыктарга да өз чөнтөгүнөн акча чыгарууга аргасыз болушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG