Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Ош: Төлөйкөндө жер талаштан улам чыр чыкты


Талаш чыккан жерден тартылган сүрөт. 6-май, 2021-жыл.

Оштун Кара-Суу районунда Төлөйкөн айыл аймагынын Учар айылынын тургундары менен Папан айылынын тургундары эки гектардан ашуун жерди талашып жатышат.

Жер Төлөйкөндө жайгашкан. Учар айылынын 11 тургунунун үлүш жерин Папандан келген ондон ашуун үй-бүлө айыл өкмөттүн мурдагы башчысынан сатып алганын айтышууда.

Алар сугат жерге там салып алышканы белгиленип, эки тарап соттошкон. Ош облустук соту жерди үлүш ээлерине кайтаруу боюнча чечим чыгарган.

6-майда Кара-Суу райондук сот аткаруучулар келип, турак-жайларды бузууга аракет кылганда, үй ээлерибиз деген ондон ашуун адам тоскоолдук кылып буздурбай коюшту. Үй бузууга келген техниканы көздөй таш ыргытышты.

Буга чейин Төлөйкөн жана Папан айыл аймактарынан мурдагы жетекчилери сот жообуна тартылып, келтирилген зыянды төлөп берүү милдети менен эркиндикке чыгарылган. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG