Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Мамыржан Рахимов президенттин Баткендеги өкүлү болуп дайындалды


Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мамыржан Рахимов буга чейин Баткен шаарынын мэри болуп иштеген. Былтыркы парламенттик шайлоого ошол кездеги бийликтин партиясы делген "Биримдик" партиясы менен барган.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүү, аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындоо каралган.

“Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин”, - деп жазылган жарлыкта.

Документке ылайык, өкмөткө, Улуттук банкка чек ара жаңжалынан жабыркаган аймакка, жарандарга ар тараптан жардам берүүнүн жол-жобосун, тартибин иштеп чыгуу, долбоорлорду, программаларды даярдоо тапшырылды.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG