Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Чүй: психоневрологиялык интернаттагы мушташта бир өспүрүм ажал тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Беловодское айылындагы психоневрологиялык интернатта тарбияланган өспүрүмдөрдүн мушташында 15 жаштагы бала ажал тапты. Облустук милиция маркум 25-апрелде оор абалда ооруканага түшкөнүн, бир күндөн кийин жан бергенин кабарлады.

Тергөө материалдарына ылайык, аны ошол интернатта тарбияланып жаткан 12 жана 17 жаштагы эки бала сабаган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Саламаттыгына оор залал келтирүү" беренеси менен катталды жана тергөө жүрүп жатат.

Былтыр февраль айында социалдык тармактарда аталган интернаттагы тогуз жаштагы баланын денесиндеги тактар тартылган сүрөттөр тараган. Ошол кездеги Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул окуяны иликтөөгө жарандык коомдун өкүлдөрү да катышарын билдирген.

Милиция балага карата зордук-зомбулук жана ырайымсыз мамиле болгон-болбогонун териштирген, бирок жыйынтыгы кабарланган эмес.

XS
SM
MD
LG