Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Самаркандек-Мадиген-Даркум автожолун куруу башталды


Алдын ала эсепке ылайык, коогада жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашкан.
Алдын ала эсепке ылайык, коогада жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашкан.

Министрлер кабинети Баткенде президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Маргун айылынан Даркумга чейинки жолду куруу башталганын билдирди. Иш андан ары Самаркандек-Даркумге чейин уланат жана жолдун жалпы узундугу 44,1 чакырымды түзөт.

Ошондой эле 10,1 чакырымды түзгөн Кулунду-Максат-Арка автожолуна асфальт-бетон төшөө иштери башталат.

3-майда өкмөттүн токтому менен Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда кыйраган социалдык жана чарбалык объектилерди калыбына келтирүүгө 500 миллион сом бөлүнгөн.

Буга чейин ттранспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев коогада 3,5 миң чарчы метр жол жарактан чыкканын, бир топ жол белгилери уурдалып, бүлүндүрүлгөнүн маалымдаган.

Кайынбаевдин ырасташынча, алдын ала эсеп менен жол инфраструктурасынын чыгымы 11 миллион сомдон ашкан.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG