Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Журналист Канат Каниметов өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирди


Канат Каниметов
Канат Каниметов

Журналист Канат Каниметов өзүнө кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу ал "Фейсбукка" жазды.

Ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын башчысы Жеңиш Жоробековдун колу коюлган кагаздын көчүрмөсүн жарыялады. Маалыматты ИИМ өкүлү "Журналисттерди коргоо комитети" уюмунун кабарчысына бергенин айтты.

Анда Каниметовго карата Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган иш териштирилип жатканы жазылган.

"Азаттык" ИИМдин басма сөз кызматына мунун чоо-жайын сурап кайрылды, мекеме өкүлдөрү тактап жооп беришерин билдиришти.

Мурдараак Канат Каниметов Балыкчыдагы ата-энесинин үйүнө милиция кызматкерлери түнкү саат 11де барып, туугандарына ар кандай суроолорду бергенин билдирип, муну журналисттик кесиби менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG