Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Брюсселде кыргызстандыктар Европарламенттин алдына чыгышты


Европарламенттин алдына чыккан кыргызстандыктар, 8-май, 2021-жыл.
Европарламенттин алдына чыккан кыргызстандыктар, 8-май, 2021-жыл.

8-майда кыргызстандыктар Бельгиянын башкалаасы Брюсселде Европарламенттин алдына акцияга чыгышты. Алар эл аралык коомчулукту кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалга көңүл бурууга үндөп, коңшу өлкөнү “аскердик аргессия” жасады деп айыпташты. Ошондой эле чек арада куралсыз жай тургундар аткылоого кабылып, турак-жайлар өрттөлүп, 10 миңдеген киши үй-жайын таштап качууга мажбур болуп, адам укуктары тепселгенине нааразылык билдиришти.

Буга чейин Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада жана АКШнын бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.

28-29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө жаш бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак-жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы кабарланды.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну "биринчи баштаганын" билдирген. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды "башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон" деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп сыпататган.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG