Эртең 10-майда көпчүлүк аймакта жаан-чачын, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп сел жүрүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 10...15, күндүз 21…26;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24;
Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-1, күндүз 4…9 градус болот.
Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 23…25 градус болот.
Facebook шеринеси