Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Лукашенко көзү өткөндөн кийин өлкөнү башкаруу механизми жазылган декретке кол койду


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Александр Лукашенко 9-майда “Конституциялык түзүлүштү жана суверенитетти коргоо жөнүндө” декретке кол койду. Анда Лукашенконун көзү өткөндөн кийин өлкөнү башкаруу механизми жазылган. Кол коюлган документ дароо күчүнө кирди. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы маалымдады.

“Документке ылайык, мамлекет башчысы кол салуудан, террордук чабуулдан, сырткы агрессиядан каза болгон учурда бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары Коопсуздук кеңешинин чечимине жараша иш кылышат. Кеңештин жыйынына премьер-министр жетекчилик кылат. Ошондой эле өлкөгө дароо өзгөчө кырдаал же аскердик абал киргизилет”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жаңы кабыл алынган декрет боюнча жаңы шайлоону өткөрүүнү Коопсуздук кеңеши чечет. Беларус Баш мыйзамына ылайык, президент каза болуп же өз милдетин аткара албай калган учурда ыйгарым укуктары өкмөт башчыга өткөрүлөт. Конституцияда Коопсуздук кеңеши жөнүндө айтылбайт.

Апрелде Лукашенко көзү өткөн учурда бийлик Коопсуздук кеңешине өткөрүлөрүн шарттаган документ кабыл аларын билдирген. Муну Лукашенко атайын кызматтар өлкөдө аскердик төңкөрүш кылуу аракети алдын алынганын билдирип чыккандан кийин айткан болчу. Ал бул документти эң маанилүү чечим деп атады. Коопсуздук кеңешинин сегиз мүчөсү бар, анын төртөө күч органдарынын өкүлү.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская бул шайлоону жеңгенин күбөлөгөн далилдер жетиштүү экенин айткан. Евробиримдик да Лукашенконун жеңишин тааныган эмес. Бул талаштуу шайлоодон бери Беларуста Лукашенкого каршы демонстрациялар токтобой келет. Күч кызматкерлеринин митингчилерди уруп-сабаганы эл аралык коомчулуктун айыптоосуна кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG