Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Нетаньяху полициянын палестиналыктарга каршы аракетин колдоду


Палестиналыктар менен Израил полициясынын ортосундагы кагылышуу. Иерусалим, 8-май, 2021-жыл.
Палестиналыктар менен Израил полициясынын ортосундагы кагылышуу. Иерусалим, 8-май, 2021-жыл.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху полиция кызматкерлеринин палестиналыктарга каршы Иерусалимдеги аракеттерин колдой турганын билдирди.

Премьер өкмөт радикал күчтөргө шаардагы тынчтыкты бузууга жол бербей турганын белгиледи.

Күн мурун Иерусалимдеги кагылышуулардан 220 киши жаракат алганы кабарланган. Полиция кызматкерлери Ал-Акса мечитинин жанында аларды таш менен урууга аракет кылган палестиналыктарга желим октор жана кулак тундуруучу гранаталар менен жооп беришкен.

Бул окуяга байланыштуу АКШ, Европа биримдиги, Орусия жана БУУ тынчсыздануусун билдирген.

Иерусалимде бул сыяктуу кагылышуулар Рамазан айы башталгандан бери бир нече жолу болду. Алгач жаңжал палестиналыктардын Рамазан айына байланыштуу Иерусалимдин Эски шаарына чогулуусуна тыюу салынгандан кийин чыккан.

Кийинчерээк чыңалуунун күчөшүнө Чыгыш Иерусалимдеги бир нече палестиналык үй-бүлөнү көчүрүү ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөр себеп болгон. 7-майда полиция ал жерге чогулган демонстранттарды кулак тундуруучу гранаталар менен кууп тараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG