Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

“Беш акындын”экинчи айлампасында Атахан Кожогулов жеңди


"Беш акын" теледолбоору.
"Беш акын" теледолбоору.

Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип уюштурган "Беш акын" теледолбоорунун кезектеги айлампасы өттү. Ага акындар Абдыжалил Бетегеев, Атахан Кожогулов, Нуркан Койчуманова, Динара Мамбетакунова жана Мейликан Тойполотова катышты.

Бул айлампада 50 жаштан 60 жашка чейинки курактагы 5 акын катышып, таймаш төмөнкүдөй 5 тур менен өттү:

  1. Ата Мекен темасындагы экиден автордук ырларды көркөм окуу.
  2. Калемгерлердин сөзүнө жазылган обондуу ырлар.
  3. Түрк дүйнөсүндөгү белгилүү бир акындын ырын которуу.
  4. Кошумча өнөр тартуулоо.
  5. Адабият жаатындагы суроого жооп берүү.

Жалпы 5 турдун жыйынтыгы менен акындардын бул таймашында биринчи орунду Атахан Кожогулов, экинчи орунду Нуркан Койчуманова, үчүнчү орунду Динара Мамбетакунова, төртүнчү орунду Абдыжалил Бетегеев, бешинчини Мейликан Тойполотова алды.

Калыстар тобунда Кыргызстандын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү Кожогелди Култегин, Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева жана Эл акыны Анатай Өмүрканов баштаган акын жазуучулар катышуучуларды 1 ден 10 го чейинки балдык система менен баалашты.

"Беш акын" теледолбоору.
"Беш акын" теледолбоору.

Теледолбоордун 3-кечеси 12-майда саат 15:00дө Коомдук телерадиоберүү корпорациясында 30 жаштан 40 жашка чейинки акындар арасында өтөт.

“Беш акын” долбоору ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы алгачкы ирет уюштурулган. Биринчи жеңүүчүлөр ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белги жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык берилип, Түркияда өткөн поэзия фестивалына жолдомо алышкан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG