Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Евробиримдик июнга чейин COVID-сертификаттарын киргизүүнү карайт


Грециядагы деңиз жээги
Грециядагы деңиз жээги

Европа Биримдиги жайкы туристтик сезон учурунда жарандардын шаркетке мүчө өлкөлөрдө тоскоолдуксуз саякатташына шарт түзүү үчүн июнга чейин COVID-сертификаттарды ишке киргизүүгө үмүттөнүүдө. Мындай демилгени экономикасы туризм секторунан көз каранды болгон өлкөлөр сунуштап жатышат.

Европа комиссиясынын вице-президенти Марош Шефчович биримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолуккан соң "Бул биздин өлкөлөр үчүн приоритет. Ошондуктан, биз жай айларына чейин аны макулдашабыз деп ойлойм",-деп билдирди.

Шаркетке мүчө өлкөлөр 21-июнга чейин сертификатты киргизүүгө пландап жатышат. Бул сертификаттар коронавируска каршы эмделгендер, ооруп бүткөндөр жана вирус жугузбаганы жөнүндө тест жыйынтыгы бар адамдарга биримдиктин ичинде тоскоолдуксуз саякаттоого шарт түзөт.

ЕБдин расмий өкүлдөрү сертификат милдеттүү документ болуп саналбасын жана ал вакцинация боюнча паспорт катары колдонулбасын билдирди.

Европада эмдөө кампаниясы күч алганы жана вирусту жугузгандар азайгандан тарта акыркы күндөрү буга чейинки айрым чектөөлөр алына баштады. Мындай жол менен Европа өлкөлөрү экономиканы жандантуу чараларын көрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG