Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Иран: Махмуд Ахмадинежад шайлоого катышууга арыз берди


Махмуд Ахмадинежад
Махмуд Ахмадинежад

Ирандын мурдагы президенти Махмуд Ахмадинежад 18-июнда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берди. Өлкөнүн мамлекеттик телеканалы ал 12-майда тарапкерлеринин коштоосунда Ички иштер министрлигине барып, керектүү документтерди тапшырганын көрсөттү. 64 жаштагы саясатчы ультраконсерватор саясатчы саналат. Ал соңку мезгилде учурдагы президент Хасан Роуханинин саясатын сындап келген.

Ахмадинежад Иранды 2005-2013-жылдары башкарган. Ал учурда расмий Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Батыш өлкөлөрү менен мамилеси өтө начарлаган. 2009-жылы Ахмадинежад экинчи жолу президенттикке шайланган учурда Иранда 1979-жылдагы Ислам ыңкылабынан бери эң ири нааразылык акциялары өткөн.

Саясатчы 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, бирок ага уруксат берилген эмес.

Иранда 11-майдан тарта президенттикке талапкерлерди каттоо башталды. Ал беш күнгө созулат. Андан соң каттоодон өткөн талапкерлерди Ирандын Сакчылар кеңеши иргейт. Буга чейин шайлоолордо байистүү, либералдуу көз караштагы талапкерлер аталган кеңештин элегинен өтпөй калчу.

Ирандын учурдагы президенти, байистүү көз караштагы саясатчы саналган Хасан Роухани эки мөөнөт иштегени үчүн бул жолку шайлоого катыша албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG