Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Дүйнөдө Орозо айт пандемия шартында белгиленүүдө


Орусиядагы мечиттердин бириндеги айт намаз
Орусиядагы мечиттердин бириндеги айт намаз

Дүйнөдөгү мусулмандар пандемиялык шартта Орозо айтты же Ид аль-Фитр майрамын белгилеп жатышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө үч күнгө созулган майрам айдын жаңырышына жараша 13-майда белгиленип жатат. Бул күнү айт намазга чогулуп, мусулмандар бири-биринин үйүнө конокко барат. Бирок майрам коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдүн шартында белгилеп жатат.

Эң көп сандагы мусулмандар жашаган Индонезияда өкмөт экинчи жылы катары менен жарандарга айт күнү бири-бирине конокко барууга тыюу салган. Өлкөнүн вирус көп катталган айрым аймактарында мечиттер жабык турат.

200 миллиондой мусулман жашаган Индияда болсо эпидемиологиялык кырдаал курч болгондуктан бийлик адамдарды майрамды үйдөн белгилөөгө чакырды. Бангладеш, Иракта да майрам алдында бир катар чектөөлөр киргизилди.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 12-майда өлкөдө коронавируска байланыштуу катаал чектөөлөр айт майрамынан соң жеңилдетилерин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG