Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ислам кызматташтык уюму Газадагы абалды чукул жыйында талкуулады


Газа шаары, 14-май, 2021-жыл.
Газа шаары, 14-май, 2021-жыл.

57 өлкөнүн башын бириктирген Ислам кызматташтык уюму жекшембиде чукул жыйында Газадагы кырдаалды талкуулады. Онлайн жыйындын катышуучулары Израилди тилкени аткылоосун токтотууга чакырышты.

Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри ханзаада Файзал бин Фархан эл аралык коомчулукту Израилди аскердик операцияны токтоттуруу, гуманитардык жардамдын тилкеге жетүүсүнө шарт түзүү жаатында аракет көрүүгө үндөдү.

Палестинанын башкы дипломаты Риад Малки Израилди “Газа элине каршы кылмыштарга жана ырайымсыздыкка барып жатат” деп айыптады. Министр мусулман өлкөлөрүн Тел-Авивге каршы саясий жана экономикалык санкцияларды киргизип, палестин элине колдоо көргөзүүгө чакырды.

Аймактагы кырдаал он чакты күн мурун кескин курчуду. ХАМАС исламчыл согушкер тобу Чыгыш Иерусалимде палестиналык бир нече үй-бүлөнү көчүрүү тууралуу чыгарылган соттук чечимден кийин жана Ал-Акса мечитинин жанындагы жаңжал маалында жөөт полициясы менен палестиналыктардын кагылышуусу үчүн өч алуу иретинде Израилдин аймагына ракета ата баштаган.

Израиль калк жыш жайгашкан Газа шаарын абадан жана артиллериядан аткылап жооп кайтарган.

Палестиналыктардын маалыматына ылайык, Газада 174 киши, катарында 49 бала каза тапты. Израиль алардын арасында бир топ согушкерлер болгонун билдирди. Жөөт бийлиги өз тарабында 10 киши, арасында эки бала каза тапканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG