Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Назарбаев тууралуу сатиралык пост үчүн блогер жоопко тартылышы мүмкүн


Темирлан Енсебек.
Темирлан Енсебек.

Алматы шаарында 15-майда Темирлан Енсебектин үйүнө полиция келип, тинтип, анын телефонун, ноутбугун, компьютерин конфискациялаган.

Эми андагы маалыматтар тергөөдө Темирлан Енсебекке каршы “жалган маалымат таратуу” ишине далил катары колдонулушу мүмкүн. Тергөөчүлөр Темирлан Енсебектин "Инстаграмдагы" Qaznews24 баракчасындагы сатиралык постун «жалган маалымат» деп эсептешет.

Бир постунда блогер Казакстандын дин иштери боюнча башкармалыгына “Нурсултан Назарбаевге Кудай макамын ыйгарып, аны Конституцияга киргизүүнү” сунуш кылган.

Полиция Енсебектин үйүн тинтип чыккандан кийин аны кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткирген.

"Мен анын үйүн тинтүү тууралуу токтомду көргөн жокмун. Болгону кардарым менен гана сүйлөшүүгө үлгүрдүм. Азыр эч нерсе айта албайм",-деди анын адвокаты Жанара Балгабаева.

«Ойгон, Казакстан» кыймылынын мүчөлөрү полиция бөлүмүнүн алдына чогулуп, «Темирланга боштондук», «Сатира - кылмыш эмес» деген ураандар менен чыгышты.

Чогулгандарды тополоң салбоого чакырган полициянын өкүлү иликтөө жүрүп жатканын айтып, бир сааттан кийин блогер бошотуларын билдирди. Тергөө беш саатка созулуп, андан соң блогер шектүү катары бошотулган.

Полиция "жалган маалымат таратуу" фактысы менен кылмыш иши козголгонун ырастады.

XS
SM
MD
LG