Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Германия «Түндүк агымы-2» курулушуна уруксат берди


Германиянын гидрография жана кемечилик боюнча федералдык мекемеси «Түндүк агымы-2» газ куурунун курулушун Германиянын экономикалык аймагында гана улантууга уруксат берди. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Газ куурунун курулушу экологдордун доо арызынын негизинде быйыл май айынын башында токтотулган болчу. Экологдор беш деңиз коругу аркылуу өтө турган мунай кууру Балтика деңизине жана анын айланасына зыянын тийгизерин айтып чыгышкан.

Федералдык мекеме текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында "курулуш иштери айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбейт" деген тыянак чыгарды.

Орусиядан Германияга Балтика деңизинин алдынан тартылган «Түндүк агымы-2» газ куурунун курулушу 2018-жылы башталган.

АКШ баштаган бир катар Батыш өлкөлөрү бул газ кууру Евробиримдиктин Орусияга карата энергетикалык көз карандылыгын күчөтөт деген негизде ага каршы болуп келе жатышат. Вашингтон Европа Биримдигине өзүнүн энергоресурстарын сунуштайт. Бул долбоорго катышкан Германия, Орусия жана башка өлкөлөр бул газ куурунун курулушу коммерциялык долбоор экенин белгилешүүдө. Анын курулушун 2021-жылдын сентярь айында аяктоо боюнча башында пландалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG