Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 13-майда Ош облусунан 440 килограммдан ашык баңгизат (героин) кармаганын билдирди. Атайын кызмат героиндин баасын 20 миллион доллардан ашык сумманы түзөт деп эсептеди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында баңгизат оор жүк ташуучу автоунаада жашыруун бекитилген жеринен аныкталган. УКМК бул Борбор Азия аймагы аркылуу Жакыны Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдө баңгизат ташуучу канал экенин белгиледи. Бул факт боюнча учурда эки кыргыз жараны кармалып, башкы тиешеси бар кишилерди аныктоо иштери жүрүп жатат.
УКМК бул Кыргызстандын эгемендик алгандан берки укук коргоо органдарынын рекорддук көлөмдөгү кармалган баңгизат экенин белгилейт. (TSh)