Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

АКШ түрк президентинин "анти семит" комментарийин айыптады


Кошмо Штаттар Түркия президенти Режеп Таип Эрдогандын “жөөттөргө каршы" комментарийин катуу айыптады. Бул тууралуу 18-майда Мамлекеттик департамент жасаган билдирүүдө айтылат.

“Биз президент Эрдоганды жана түрк башка жетекчилерди зомбулуктун "чырагына май тамызган" комментарийлерден карманууга, АКШга кошулуп жаңжалды жөнгө салуу жаатында аракет көрүүгө үндөйбүз”, – деп белгиледи америкалык тышкы мекеме.

Түркиянын лидери көптөн бери палестиналыктарга колдоосун билдирип жүрөт. Ошол эле маалда Анкара Израил менен узактан бери мамиле куруп келаткан бир ууч мусулман өлкөлөрдүн катарына кирет.

Түрк президенти Израилди "палестиналыктарга каршы “террорчул аракеттерди” көрүүдө", - деп айыптаган. “Алар адам өлтүргүчтөр, 5-6 жашар балдарды өлтүрүп жатышат. Алардын канын төккөндө гана ыраазы болушат” – деген Эрдоган АКШ Израилди колдогону үчүн Жо Байденди “анын колунда да кан бар” деп күнөөлөдү.

Буга чейин Байден “Израилдин ракета чабуулдарынан коргонуу укугун катуу жактарын” билдирген. Ошол эле маалда “бейкүнөө адамдарды коргоо аракетин” көрүүгө чакырган.

Эрдоган мурдагы президент Дональд Трамп менен жакшы мамиледе болчу. Байден түрк лидерин “автократ” катары сүрөттөп, ага каршы катаң позиция ээлерин айткан. Буга карабай эки жетекчи эмки айда НАТОнун Брюсселдеги саммиттинде жолукмай болду.

Палестина-Израил чатагы 10-майда курчуп кеткен. Газанын саламаттык сактоо өкүлдөрү Израилдин чабуулдарынан жалпы жонунан 217 палестиналык, арасында 63 бала өлгөнүн, бир миң 400дөн көп киши жараат алганын билдиришти.

Израил тарапта Газадан атылган ракетелердан 12 киши каза тапты, катарында бир бала бар.

XS
SM
MD
LG