Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Казакстанда дагы эки активист саясий туткундардын тизмесине кошулду


Нурбол Өнерхан. Казакстан, 14-февраль 2020-жыл
Нурбол Өнерхан. Казакстан, 14-февраль 2020-жыл

Казакстандык укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесине дагы эки кишини киргизишти.

Түндүк Казакстан облусунун тургуну, активист Нурбол Өнерхан нааразылык акцияларына катышып, бул үчүн “тынч митингдерди өткөрүүнүн тартибин бузган” деп административдик жазага тартылган. Былтыр күзүндө Петропавловск шаарынын соту активистти Мухтар Аблязов жетектеген тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдогон деген айып менен бир жылга шарттуу кескен, бир нече күн мурун эркинен ажыратуу өкүмү чыкты.

Нур-Султандын жашоочусу Жанибек Жунусовго болсо тыюу салынган "Көше партиясы" уюмуна “катышкан” деп айып коюлуп, сот процессин күтүп жатат. Аны быйыл февралда камакка алышкан.

Саясий туткундардын тизмеси биринчи ирет Казакстанда 2013-жылы түзүлүп, ал кезде алты киши камтылган. Азыр тизмеде 30 чакты кишинин ысымы аталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG